ДОМИНИОН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:17, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОМИНИО́Н (лат. dominiom – ээлик, бийлик) – Британ империясынын курамындагы, Англия королун мамлекеттин башчысы деп тааныган өлкөлөр. Доминиондорду англиялык королго баш ийген гене­рал-губернаторлор башкарган. Бийликти Доминион фор­масында уюштуруу мурда эле пайда болуп, Ка­надага (1867), Австралия Союзуна (1901), Жаңы Зеландияга (1907), Түштүк Африка Союзуна (1910) ж-а Ирландияга (1921) Доминион статусу берилген. Доминиондордун эгемендиги 1931-жылы Вестминстер ста­туту м-н бекитилген. 1947-жылы «Доминион» термини «Ше­риктештик мүчөсү» деген термин м-н алмашты­рылган, к. Шериктештик.