ДОМНА ӨНДҮРҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДО́МНА ӨНДҮРҮШҮ – темир кенташын же ке­сек темирди домна мешинде эритип, чоюн алуу өндүрүшү; кара металлургиянын бир тармагы.
Чоюн б. з. ч. 4–6-к-да эле белгилүү болгон ж-а жыгач көмүр жагылган шахта меши пайда бол­гондон баштап алына баштаган. Россияда 1-жо­лу чоюн Уралда 1701-ж. алынган. Буу үйлөтүүчү машина (1766), үйлөтүп ысытуу (1829), регене­ратор тибиндеги жылыткыч (1857) ойлоп табыл­гандан кийин, чоюн алуу өнүктү. Д. ө-нүн алгач­кы материалы шихта, ал темир ж-а марганец кен­ташы, агломерат, акиташ, күйүүчү май ж-а флюс­тан турат. Негизги отуну – таш көмүр, кокс. Эритүүдөн кийин чектүү, куюлма ж-а атайын чоюн, домна газы [күйүү жылуулугу 3,6–4,6 Мдж/м3 (800–1100 ккал/м3)] ж-а курулуш ма­териалдык жасалуучу шлак алынат. Бул өндү­рүштө атайын домна цехи түзүлөт. Анда толук металлургиялык циклдүү 3 домна меши орно­тулат. Мештин ишин башкаруу – шихтанын ку­рамын ж-а санын, үйлөтүүнүн темп-расын ж-а нымдуулугун жөнгө салуу – атайын приборлор м-н жүргүзүлөт. Азыр Д. ө-н өркүндөтүү багы­тында сырьё даярдоону жакшыртуу, домна ме­шинин кубаттуулугун жогорулатуу, келечектүү технологияны кийирүү ж-а меш ишин автомат­тык түрдө башкаруу жумуштары жүргүзүлүүдө.