ДОН
ДОН (иран тилдеринде – «суу», «дарыя» маанисинде; байыркы гр. Т а н а и с) – Россиянын европ. бөлүгү аркылуу аккан дарыя. Уз. 1870 км, алабынын аянты 422 миң км2. Орто Орус дөңсөөсүнөн башталып, Азов деңизинин Таганрог булуңуна куярда дельтаны (аянты 342 км2ге чейин) пайда кылат. Д-дун өрөөнү кыйла аралыкка чейин Орто Орус дөңсөөсүнүн чыгыш тик чети аркылуу өтөт. Төмөнкү бөлүгүндө жер анча эңкейиш болбогондуктан, өтө жай агат. Негизги куймалары – Хопёр, Медведица, Сал (сол); Северский Донец (оң). Орт. чыгымы 935 м3/сек. Жогорку бөлүгүндө ноябрдын башынан апрелдин ортосуна чейин, төмөн жагында декабрдын башынан марттын аягына чейин муз тоңот. Д. – кеме жүрүүчү Волга–Дон каналы аркылуу Волга д. м-н туташат. Дарыяга Цимлян ГЭСи ж-а суу сактагычы, Николаев, Константинов, Кочетов гидротүйүндөрү курулган. Балык кармалат. Сосна д-нын чатынан баштап кеме жүрөт (1604 км). Георгиу-Деж ш-нан тартып кеме үзгүлтүксүз каттайт (1355 км). Боюндагы негизги шаарлары: Георгиу-Деж, Калач-на-Дону, Волгодонск, Ростов-на-Дону, Азов.