ДОНЕЛАЙТИС
ДОНЕЛА́ЙТИС Кристионас (1. 1. 1714, азыркы Литва, Радвилишкис району, Лаздинеляй – 18. 2. 1780, Тольмингнемен, азыркы РФ, Калининград облусу, Чистые Пруды) – литва акыны, литва көркөм адабиятына негиз салуучу. 18-кылымдагы Европа адабиятындагы реалисттик багыттын өкүлү. Кёнигсберг университетин (1740) бүтүргөн. Донелайтистин чыгармасы өз учурунда кол жазма түрүндө таралган. Ал 6 тамсил (1824-жылы басылган) ж-а атактуу «Жыл мезгилдери» (1818-жылы жарыяланган) поэмасынын автору. Социалдык мааниси, реалисттик принциптердин жеткилең иштелиши, көркөм образдардын күчү боюнча Донелайтистин «Жыл мезгилдери» – дүйнөлүк адабияттын классикалык үлгүлөрүнөн. Поэманы И. В. Гёте, А. Мицкевич ж. б. жогору баалаган. Поэма чет тилдерге которулган. Тынчтыктын Бүткүл дүйнөлүк советинин чечими м-н Донелайтистин туулган күнүнүн 250 жылдыгы белгиленген (1964).