ДОНЕЦК
ДОНЕ́ЦК (1924-ж. чейин Юзовка, 1924–61-ж. Сталино) – Украинадагы шаар (1917-жылдан). Д. обл-нун адм. борбору. Кальмиус д-нын боюнда, Донбасстын борб. бөлүгүндө. Калкы 1,2 млн (2000). Т. ж. тоому. Көмүр казып алынат. Кара ж-а түстүү металлургия, машина куруу (тоо-кен, металлургия ж. б. ө. ж. үчүн жабдуу, муздаткыч, кабель, велосипед ж. б.), хим. (хим.-реактив, пластмасса ж. б. з-ддору), кокс-хим., тамак-аш–татымал, жеңил (а. и. кебез кездеме)
ө. ж. өнүккөн. Украина ИАнын ил. борбору.
Беш ЖОЖ (а. и. ун-т), 3 театр (а. и. опера ж-а балет театры), мекен таануу, көркөм сүрөт музейи бар. 1869-ж. негизделген.