ДОНОР
ДО́НОР (лат. dono – белек кылам) – өз каалоосу м-н оорулуу кишиге канын куюу, тканын (мис., тери) же органын (мис., бөйрөк) көчүрүү үчүн берүүчү адам. Ден соолугу таза, жашы 18ден жогору адамдар Д. боло алат. Кан берүүнүн Д-дун ден соолугу үчүн зыяны жок. Д. болуу – ардактуу милдет. Ал оорулуунун ден соолугун ж-а өмүрүн сактоого жардам берет. Д-дон кан алуу ж-а аларды консервалоо кан куюу станцияларында жүргүзүлөт. Алар р-ндук ооруканаларды ж. б. дарылоо мекемелерин кан м-н камсыз кылат. Д. кан берерде мед. текшерүүдөн өткөрүлөт. 1-жолу кан бергенде 200–250 мл, кайталап бергенде 450 млге чейин кан алынат. Кайталап кан берүүгө 2 айдан кийин гана уруксат берилет. Д-дун каны канды консервалоочу заттар салынган атайын идишке алынып, анын сыртына кандын тобу, Д-дун аты-жөнү жазылат.