ДОНОР-АКЦЕПТОРДУК БАЙЛАНЫШ
ДО́НОР-АКЦЕПТОРДУК БАЙЛАНЫШ , к о о р д и н а ц и я л ы к б а й л а н ы ш – комплекстүү бирикмелерде болуучу химиялык байланыш. Көпчүлүк учурда коваленттик байланыш атомдун сырткы электрондук деңгээлиндеги жуп электрондордун эсебинен пайда болот. Мисалы, аммиактын молекуласынын электрондук структурасында чекит м-н азоттун атомуна тиешелүү крест м-н суутектин атомуна тиешелүү электрондор белгиленген. Азот атомунун сырткы деңгээлиндеги сегиз электрондун алтоо үч коваленттик байланышты пайда кылып, азоттун ж-а суутектин атомдору үчүн жалпы болуп саналат. Бирок эки электрон азоттун атомуна гана тиешелүү болуп, бөлүнбөгөн электрондук жупту пайда кылат. Мындай электрондук жубу бар атом башка атом м-н коваленттик байланышты пайда кылууга катышышы мүмкүн (эгерде бул атомдун сырткы электрондук деңгээлинде бош орбиталь болсо). Толтурулбаган 1s орбиталь суутек ионунда болот. Аммиактын молекуласы суутек ионунун бош s орбиталы м-н өз ара аракеттенишкенде, алардын ортосунда коваленттик байланыш пайда болот; азоттун атомунун бөлүнбөгөн электрондук жубу эки атом үчүн жалпы болуп калат, мунун натыйжасында аммоний иону NН4 пайда болот: Мында коваленттик байланыш адегенде бир атомго тиешелүү болгон электрондук жуптун (электрондонордук жуптун) ж. б. атомдун бош орбиталынын (электрондук жуптун акцепторунун) эсебинен пайда болот. Коваленттик байланыштын пайда болушунун мындай жолу донор-акцептордук деп аталат. Мында электрондук жуптун донору азот атому, ал эми акцептору суутек иону болуп саналат. Аммоний ионундагы төрт N–Н байланышы бардык жагынан бирдей экендиги тажрыйба жүзүндө аныкталган. Демек, доноракцептордук жол м-н пайда болгон байланыш өзүнүн табияты боюнча өз ара аракеттенишүүчү атомдордун биринин жупташкан электронунун эсебинен пайда болот.
Ад.: Терентьев В. А. Термодинамика донорно-акцепторной связи. Саратов, 1981; Барсуков И. Б. Электронное строение и свойства координационных соединений. Л., 1976.
К. Сулайманкулов.