ДОҢУЗ-КУДУК ДОЛОМИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:09, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОҢУЗ-КУДУК ДОЛОМИ́Т КЕНИ Ысык-Көл облусунун Тоң районунда. Балыкчы шаарынан 35 км түштүк-чыгышта, Тескей Ала-Тоонун түндүк капта­лындагы Чоломо тоосунун бир тармагында, Доңуз-Кудук өрөөнүндө жайгашкан. 1971-жылы та­былган. Кен аймагын палеозойго чейинки ж-а палеозойдогу терриген чөкмө тоо тектери түзөт. Доломит катмар түрүндө бир нече кмге созулуп жатат. Калыңдыгы 40–120 м. Доломиттин 2 түрү кездешет. Биринчиси – серпентиндешкен, сар­гыч түстө. Блоктуулугу 0,2Ч0,2Ч0,2 м. Анча ка­туу эмес, оңой кесилет. Жакшы сайкалданат. Экинчиси кызгылт күрөң түстө. Арасында та­рамча ж-а бүртүк түрүндөгү кварц кезигет. Сай­калданышы орточо, бирок оңой кесилет. Блоктуу­лугу 0,3Ч0,3Ч0,3 м. Запасы мол. Кооз буюмдарды жасоого, дубалдарды каптоого колдонсо болот.