ДОҢУЗ-СУУ
ДОҢУЗ-СУУ – Өзгөн р-нундагы суу, Жазынын оң куймасы. Уз. 44 км, алабынын аянты 192 км2. Фергана тоо тизмегинин түш.-батыш капталынан башталат. Жогорку агымы Саз деп аталат. Алабынын деңиз деңг. орт. бийикт. 2000 м. Терең капчыгай аркылуу агат. Алабы дээрлик суу куралуу облусуна кирет. 20дай чакан куймасы бар. Суу капчыгайдан өрөөнгө чыкканда Доңуз-Тоо кыш. аркылуу агып өтүп, Жазы суусуна оң жактан куят. Жылдык орт. чыгымы 2,74 м3/сек, эң көбү майда, эң азы февралда байкалат. Сугатка пайдаланылат.