ДОО
ДОО – жарандык процессте сотко кайрылуунун формасы. Кылмыш ишин кароодо да келтирилген зыянды төлөтүү үчүн Доо м-н кайрылуу мүмкүн. Доо – бузулган же талашка түшүп жаткан өзүнө таандык укукту коргоочу ж-а мыйзам тарабынан корголуучу кызыкчылыкты калыбына келтирүүчү укуктук каражат. Доо жарандык иш боюнча сот өндүрүшүн козгоо үчүн негиз болуп, материалдык жагынан алганда, доогердин жоопкерге болгон доосунун негизин түзүүчү материалдык-укуктук талабы болуп эсептелет.