ДООЛ
ДООЛ – кыргыздардын урма муз. аспабы. Туулга түрүндө темирден, жезден, мистен жасалып, кененирээк жагына тери капталат. Д-ду ээрдин кашына илип коюп ойногон. Ал абалтан эле аңчылар, өзгөчө мүнүшкөрлөр арасына ке-

ңири тараган. «Манас» эпосунда баатырлар жоого киргенде, жеңгенде керней, сурнай, добулбас ж. б. аспаптар м-н бирге Д. каккан деп айтылат.
Ад.: Алагушов Б. Кырг ыз дын э лд ик музыкалык аспаптары. Ф., 1974.