ДООНУН ЭСКИРИШИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:58, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДООНУН ЭСКИРИШИ – бузулган укукту калы­бына келтирүү максатында сотко же бейтарап сотко кайрылуу үчүн мыйзам тарабынан белги­ленген мөөнөт. Доонун эскиришинин жалпы мөөнөтү – 3 жыл. Кээ бир талаптар үчүн мыйзамда жалпы мөөнөткө салыштырмалуу кыскартылган же узартылган доонун атайын мөөнөтү белгилени­ши мүмкүн. Доонун эскиришинин мөөнөтү доо коюу укугу пайда болгон күндөн, башкача айтканда доогер өз укугунун бузулгандыгын билген күндөн башталат. Сот се­бебин жүйөлүү деп тапса, өтүп кеткен Доонун эскиришинин мөөнөтүн калыбына келтирүүгө укуктуу. Доонун эскиришинин мөөнөтү м-н аны саноо тартиби тараптар­дын макулдугу аркылуу өзгөртүлбөйт.

К. Эсенканов.