«ДОРДОЙ»
«ДОРДОЙ» – көп тармактуу жеке менчик компания. 1991-жылы «Дордой» базары катары негизделген. Бишкек шаарынын түндүк чекесинде жайгашкан. 100 гадан ашык аянтты ээлейт. Базарда 30

миңден ашуун адам эмгектенет. «Дордой» базары республиканын казынасына жылына 100 млн сом көлөмүндө салык төлөйт. Ал соода-сатык иштери м-н катар эмерек‚ пластик ж-а аллюминий буюмдарын‚ курулуш материалдарын жасоо‚ жүргүнчүлөрдү ж-а жүктөрдү ташуу‚ медициналык‚ консалтинг ж-а юридикалык кызмат көрсөтүү боюнча‚ ошондой эле туристтик ж-а оюн-зоок комплекстери бар ассоциацияга айланды. «Дордойдун» республиканын региондорунда структуралары бар. Бишкекте «Дордой плаза»‚ «Дордой моторс» соода үйлөрү‚ «Ала- Тоо»‚ «Октябрь»‚ «ВЕФА» кинотеатрлары‚ Нарын шаарында арт-галерея‚ «Плаза» соода борбору‚ Ысык-Көлдө «Дордой» пансионаты‚ Нарын облусунун Ат-Башы районундагы «Кошой-Коргон» тары-

хый-маданий музей-комплекси‚ «Плаза» соода борбору‚ Чүй облусунун Аламүдүн районундагы «Кой-Таш» туристтик комплекси иштейт. Ассоциация адамдарга кайрымдуулук колдоо көрсөтүүгө‚ «Дордой-Динамо» командасын, «Көкбөрү» улуттук оюндар клубун финансылоого‚ маданият ж-а искусство‚ адабият‚ медицина‚ билим берүү‚ спорт ишмерлерин финансылык колдоого ж. б. иш-чараларга жылына млндогон сом сарптайт. Жай мезгилинде «Дордой» пансионатында көп балалуу‚ жакыр үй-бүлөлөрдүн 400дөн ашуун балдары бекер эс алып‚ ден соолугун чыңдашат. «Дордой» Кытай‚ Түркия‚ Венгрия‚ Финляндия‚ Швейцария‚ Америка сыяктуу өлкөлөрдөгү өнөктөрү

м-н тыгыз байланышта иштеп‚ эл аралык кызматташууга да өз салымын кошууда. «Шоро» фирмасы м-н бирге Кытайда улуттук суусундук чыгаруучу комбинатты курду. Элибиздин маданий‚ тарыхый мурасын сактоо максатында Ормон хан‚ Тайлак баатыр‚ Муса Баетов‚ Ажыбек баатыр‚ Казыбек казалчы ж. б. белгилүү инсандардын мааракелерине карата алардын айкелдерин тургузуу‚ китептерди чыгаруу‚ конференцияларды өткөрүү‚ ошондой эле «Кошой-Коргон» комплексинде археологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүү иштерин финансылаган. ЖОЖдордо «Дордойдун» атайын стипендиясын алып окуган студенттердин саны өсүүдө.