ДОРИЙЛИКТЕР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:21, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОРИЙЛИКТЕР , д о р я н д а р – байыркы грек урууларынын негизгилеринин бири. Адегенде Түндүк ж-а Ортоңку Грекияны мекендешкен. Болжол м-н б. з. ч. 12-кылымдын башында Грекия­нын түштүк-батыш райондорун ээлеген. Дорийликтер жа­шаган аймактарда мамлекеттер эрте (б. з. ч. 8– 6-кылымдар) калыптанып, аларда өндүрүштүн кул ээлөө­чүлүк ыгы м-н катар уруучулук түзүлүштүн көп калдыктары узак убакытка сакталып турган.

Ад.: Колобова К. М. Из истории раннегреческого общества (о. Родос IX–VII вв. до нашей эры). Л., 1951.