ДОРОШЕНКО
ДОРОШЕ́НКО Николай Иванович (7. 12. 1930-жылы туулган, Казак ССРи, Костонай облусу, Таранов району, Варваровка кыштагы) – геолог, геология-минералогия илимдеринин кандидаты (1971), СССР (1976) ж-а Кыргыз ССР (1972) мамлекеттик сыйлыктарынын лауреаты. Навои атындагы Өзбек мамлекеттик университетин бүтүргөн (1952). Геологиялык экспедициялардагы чалгындоо партияларында геолог, улук геолог, партиянын начальниги, экспедициянын башкы геологу (1952–82); экспедициянын улук инженери (1959–66); Сары-Жаз, Тематикалык, Үч-Кошкон геологиялык экспедицияларында партиянын улук геологу, башкы геологу, экспедициянын улук геологу (1966–70); Түндүк Кыргыз, Сары-Жаз геологиялык экспедицияларында партиянын башкы геологу, начальниги (1970–76), геологиялык-экономикалык изилдөөлөрдүн Кыргыз методикалык экспедициясында отряддын ж-а патиянын начальниги, экспедициянын башкы геологу (1976–83); Кыргыз ССР геология башкармасынын геологиялык чалгындоо иштери боюнча өндүрүштүк бирикмесинде начальниктин орун басары, генералдык директордун орун басары (1983–90) болуп эмгектенген. Кыргызстандын кен байлыктарын табууда ж-а чалгындоодо олуттуу эмгек сиңирген. «Ардак Белгиси» ордени (1976), бир нече медаль м-н сыйланган. Кыргыз ССРинин геологиялык кызматына эмгек сиңирген кызматкер (1981).