ДОСТУК (Нарын районундагы кыштак)
ДОСТУК – Жалал-Абад обл-нун Ноокен р-нундагы кыштак. Достук айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Масы кыш-нан 60 км батыш тарапта. Шамалды-Сай т. ж. бекетинен 5 км. Деңиз деңг. 520 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 6478 (2006); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Төрт орто мектеп, 2 китепкана, ФАП, 2 клуб, мончо бар. Дарыкана, оорукана, үй-бүлөлүк врачтар тобу, 3 тегирмен, 2 автосервис, 2 май куючу жай иштейт.