ДОСТУК (Нарын районундагы кыштак)
ДОСТУК – Нарын обл-нун Нарын р-нундагы шаарча. Достук айыл өкмөтүнө караштуу. 1968-ж. Ат-Башы ГЭСинин курулушуна байланыштуу негизделип, анда иштеген көп улуттун өкүлдөрүнүн достугунун символу катары аталган. Орто Нарын өрөөнүнүн түш.-чыгыш бөлүгүндө, Байбиче-Тоонун түн. этегинде, Ат-Башы суусу м-н Нарын д-нын кошулган жеринде, деңиз деңг. 1910 м бийиктикте жайгашкан. Балыкчы т. ж. бекетинен 212 км. Облустун борбору Нарын ш-нан 32 км батышта. Калкы 777 (2007); негизинен Ат-Башы ГЭСинде эмгектенет. Орто мектеп, кесиптик-тех. окуу жайы, ФАП, клуб, китепкана ж. б. бар. Тегирмен, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, мончо иштейт.