ДОСТУК (Нарын районундагы кыштак)
ДОСТУК – Жалал-Абад обл-нун Ала-Бука р-нундагы кыштак. Ала-Бука айыл өкмөтүнө караштуу. Деңиз деңг. 1240 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Ала-Бука кыш-нан 5 км. Наманган (Өзбекстан) т. ж. бекетинен 55 км. Калкы 5709 (2006); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Эки орто мектеп, китепканалар, дарыканалар, ФАП бар. Турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, соода түйүндөрү иштейт.