ДОСТУК БЕРИЛЛИЙ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:28, 14 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОСТУК БЕРИ́ЛЛИЙ КЕНИ Чүй облусунун Кемин районунда, Кемин темир жол бекетинен 49 км түндүктө, Кур-Сай ж-а Достук-Сай сууларынын аралыгын­да, деңиз деңгээлинен 2250–2450 м бийиктикте жай­гашкан. 1961–65-жылдарда издөө-баалоо иштери жүр­гүзүлгөн. Кен аймагы девон мезгилинин терри­ген-жанар тоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку пермдин лейкократтуу граниттери жиреп чык­кан. Кенташ тулкулары фенакит ж-а берилл ми­нералдары м-н флюорит метасоматитинен түзү­лүп, түндүк-батыш ж-а түндүк-чыгыш тарапка созул­ган талкаланды зоналарда жайгашкан. Кенташ тулкуларынын узундугу 20–500 м, калыңдыгы 0,1 м- ден 13,5 мге чейин. Бериллий кычкылынын орточо өлчөмү 0,113%. Кенташтын болжолдуу ресурсу – 7604,5 миң т, бериллий кычкылыныкы – 8625 т.