ДОСТУК МОНУМЕНТИ
– кыргыз, орус элинин достугунун символу катары тургузулган эстелик. Фрунзедеги борб. аянтта ачылган (1974-ж. 18-октябрь). Авторлору: скульпторлор Т. Садыков, З . Хабибу лл ин,
монументалист художник С. Бакашев, арх. А. Нежурин. Д. м. кыргыз элинин өз ыктыяры м-н Россиянын курамына кошулушунун 100 жылдык юбилейинин урматына тургузулган. Бийикт. 30 м эки ак канат сымал мраморпилонду жезден чегилген рельеф курчап турат. Шакекчедеги тулкулардын композициясынын борборундагы эки эне орус ж-а кыргыз калкынын достугун мүнөздөйт.