ДОТАЦИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДОТА́ЦИЯ (лат. dōtātio – cыйлык, тартуу) – мамлекет тарабынан ишканаларга‚ бийликтин жергиликтүү органдарына‚ ошондой эле айрым адамдарга зыян­дын ордун толтуруу‚ жоголгондорду компенса­циялоо‚ төмөнкү бюджеттерди баланстоо ж. б. максаттар үчүн берилүүчү акча каражаттары. Дотация алуучу тарабынан кайтарылары болжолдон­бойт ж-а анын так белгиленген багыты болбойт. Адатта жалпысынан улуттук экономика үчүн мааниси бар аз кирешелүү ж-а чыгашалуу өндүрүш Дотацияланат. Айыл чарба‚ социалдык-маданий ме­кемелер‚ калкты тейлөөчү турак жай-коммунал­дык ишканалары ж-а уюмдары үчүн Дотация кеңири жайылтылган. Бюджеттик мамилелерди кайра түзүү шарттарында Дотация системасы бюджеттен кар­жылоонун субвенциялык формасы (к. Cубвен­ция) м-н алмаштырылат.