ДОЦЕНТ
ДОЦЕ́НТ (лат. docēns – окутуучу, үйрөтүүчү) – ЖОЖдордун окутуучуларынын илимий наамы же ээлеген кызматы. Россияда Доцент наамы 1863-жылы киргизилген (магистрлик даражасы бар мугалимдерди Доцент дешкен). КРде Доцент наамы жогорку окуу жайынын окумуштуулар кеңешинин сунушу боюнча конкурстан өткөн илимдин докторлоруна, кандидаттарына Кыргыз Республикасынын улуттук аттестациялык комиссиясы тарабынан берилет. Кээде атайын педагогикалык стажы, илимий эмгектери, ойлоп табуулары бар, бирок илимий даражасы жок жогорку квалификациялуу эл чарба адистерине да Доцент наамы ыйгарылат.