ДӨДӨМӨЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨДӨМӨЛ – Жалал-Абад обл-нун Тогуз-Торо р-нундагы кыштак. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө караштуу. Нарын д-нын оң жээгинде, деңиз деңг. 2080 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Казарман кыш-нан 45 км чыгыш тарапта, Ба­гыш т. ж. бекетинен 151 км. Калкы 1000 (2007); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мек­теп, китепкана, клуб, айылдык врачтык амбу­латория бар. Кыштакта Соц. Эмг. Баатыры И. Нураков туулган.