ДӨМӨР
ДӨМӨР , К е м п и р -А б а д – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ырыс айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Сузак кыштагынан 7 км түндүк-чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 10 км. Деңиз деңгээлинен 750 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1768 (2006); негизинен техникалык өсүмдүктөрдү өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп бар.