ДӨҢ-АРЫК
ДӨҢ-АРЫК – Чүй облусунун Чүй районундагы кыштак. Бурана айыл өкмөтүнө караштуу. Райондун борбору Чүй кыштагынан 12 км түштүк тарапта. Токмок темир жол бекетинен 3 км. 1929-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 961 м бийикте жайгашкан. Калкы 2734 (2006); негизинен дыйканчылыкта ж-а мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар.