ДӨӨЛӨС БААТЫР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:51, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨӨЛӨС БААТЫР , Д ө ө л ө с б а к т ы К ы л­ ж ы р у у л у (16-кылым) – кыргыздардын калмак­тарга каршы күрөшүндө кол баштаган баатыр; Тагай бийдин небереси, Орозбактынын бир туу­ганы (к. Бугу). Дөөлөс баатырдын тукуму сарыбагыш ата­лып, анын эрдиктери Осмонаалы Сыдык уулу­нун, Белек Солтоноевдун ж. б. эмгектерде ай­тылат. Ал кыргыздарга коркунуч туудурган кал­мактарга жортуул уюштуруп, алардын айыл­дарына бүлгүн салып турган. Санжырада ай­тылган маалыматтарга караганда калмактар аны айла-амал м-н колго түшүрүп, орго салып салганда, коңтаажынын Көкмончок аттуу кызы аны ордон чыгарып, турмушка чыккан. Дөөлөсдан Токо, Жантай, Элчибек ж-а Манап деген уул­дар тараган.

Ө. Осмонов.