ДӨӨЛӨТАЛИЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:58, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨӨЛӨТАЛИЕВ Cейит (9. 2. 1940‚ Чүй облусу‚ Кант району‚ Ысык-Ата айылы – 16. 9. 2008, Биш­кек) – экономика илимдеринин доктору (1993)‚ эконо­мика ж-а эл чарбасын башкаруу боюнча адис. ФПИни бүткөн (1962). Кыргыз CCР ИА эконо­мика институтунда илимий кызматкер‚ бөлүм башчы‚ өндүрүштүк күчтөрдү ж-а жаратылыш ресурста­рын изилдөө боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары‚ КТУнун Токмоктогу экономикалык факультетин­де кафедра башчысы‚ декан (2002-жылдан). 170тен ашуун илимий эмгеги‚ анын ичинде 5 монографиясы‚ 3 окуу китеби жарык көргөн.

Эмг.: Развитие и вопросы экономики горнодобы­вающей промышленности Киргизии. Ф.‚ 1979; Фор­мирование и развитие промышленных комплексов Киргизии (авторлош). Ф.‚ 1985; Кыргызстандын кен байлыктары жана аны пайдалануу. Б.‚ 1996.