ДӨӨЛӨТКЕЛДИЕВА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:04, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨӨЛӨТКЕЛДИЕВА Тинатин (22. 7. 1952-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Токтогул району, Торкен айы­лы) – биология илимдеринин доктору (2000), профессор (2002). Кыргыз мамлекеттик кыз-келиндер пединститутун (1974), Кыргыз ССР ИАнын биолгия институтунун ас­пирантурасын (1980) бүтүргөн. Ошол эле институтта кичи, улук илимий кызматкер (1974–92), КАЧИде доцент, профессор, кафедра башчы болуп (1992–2002) иштеген. 2002-жылдан Кыргыз-түрк «Манас» ун­тинин профессору. КР УИАнын биология институтунда микроорганизмдердин экологиясы илим-изилдөө тобун жетектеген (2002–08). 2008-жылдан Кыргыз-түрк Манас университетинде өсүмдүк коргоо бөлүмүнүн баш­чысы. Микробиология ж-а биотехнология боюнча адис. 160тан ашык илимий эмгектери, анын ичинде 4 моногра­фия, 1 окуу китеби, 7 ойлоп табуусу бар.

Эмг.: Энтомопратогендик бактериялар чакырган ооруларга карата кан соргуч эктопаразиттердин кор­гоо механизмдери. Б., 1997; Кристалл алып жүрүүчү энпомопатогендик бактериялар жана алардын маа­ниси. Б., 2001; Микробиология. Окуу китеби. Б. 2005; Топурак актиномициттери, алардын экологиясы жана биотехнологиялык касиеттери. Б., 2006; Топурактагы оор металлдар ж-а микроорганизмдердин реакциясы. Б., 2008.