ДӨРБӨЛЖҮН ЧОПО КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:32, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨРБӨЛЖҮН ЧОПО КЕНИ Нарын облусунун Ак- Талаа районунда, Баетов кыштагынан 4 км түндүктө, Дөрбөлжүн суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 1897–1914 м бийикте жайгашкан. 1968–69-жылдарда Түндүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындоо ишин жүргүзгөн. Кен аймагын антропогендин борпоң чөкмө тектери түзөт. Пайдалуу катмар аллювий чөгүндүлөрүнөн пайда болгон лёсс сымал кумайлуу топурактан турат. Катмардын калыңдыгы 2,5–5,7 м. Кумайлуу топурак боз, саргыч боз түстө. Гранулометриялык курамы: 0,5 ммден кесеги 0,46%, 0,5–0,1 мм – 45,86%; 0,01–0,005 мм – 11,90%, 0,005 ммден майда­сы – 41,78%. Ийилгичтиги 6,12%, суу сиңирим­дүүлүгү 18,55%. Кумайлуу топурак «125», «150» маркасындагы кыш даярдоого жарамдуу. 1996- жылга карата запасы А+В+С – 605 миң м3, С категориясы боюнча 108 миң м3.