ДӨРӨ АШУУСУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:36, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨРӨ АШУУСУ Күнгөй Ала-Тоонун батышын­да. Дөрө суусунун башында. Бийиктиги 3734 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу би­йиктиги 200–300 м. Ысык-Көлдүн деңгээлинен са­лыштырмалуу 2114 м жогору жатат. Ашуу нео­генге чейинки түздүктүн тектоникалык жарака боюнча ийилген жеринде пайда болгон. Каледондун гра­нит, гнейс, сланец, мрамор, гранит-диорит тек­теринен түзүлгөн. Түндүк Дөрөнүн төрүндө 3640 м бийикте мөңгү (аянты 2,4 км2) жатат. Андан башталган Дөрө суусу Чоң Кеминге куят. Ашуунун түндүк бети тик, аскалуу, түштүгү аска­луу, корум таштуу, мореналуу. Ашуу аркылуу Ысык-Көл районунан Көк-Ойрок жайлоосуна мал ашырылат. Бишкек, Алматы шаарларынан келүүчү туристтердин туруктуу жолуна айланды. Ок­тябрь – май айларында ашууну кар басып, жа­былат.