ДӨРӨ-СУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:39, 18 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДӨРӨ-СУУ , Ч ы р п ы к т ы – Ысык-Көл районун­дагы суу. Күнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүнүн түштүк беттеринен агып түшүп, Ысык-Көлгө куят. Узундугу 35 км, алабынын аянты 128 км2. Жалпы узундугу 69 км, 23 куймасы бар; ириси – Көл-Төр (23 км). Май–августта ташкындап, сентябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орточо чыгымы 0,27 м3/сек. Суусу мол болгон июль–август ай­ларындагы орточо чыгымы 0,55 м3/сек, айрым жылдары декабрь–февралда соолуп калат; эң чоң чыгымы 2,0 м3/секга жетет. Суусу жай ай­ларында толугу м-н сугатка алынгандыктан, көлгө жетпей калат. Дөрө-Суудан 5 канал (чыгымы 1,12 м3/сек) башталат. Өрөөнүндө Чырпыкты кыштагы жайгашкан.