ДӨРӨ-СУУ
ДӨРӨ-СУУ , Ч ы р п ы к т ы – Ысык-Көл р-нундагы суу. Күнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүнүн түш. беттеринен агып түшүп, Ысык-Көлгө куят. Уз. 35 км, алабынын аянты 128 км2. Жалпы уз. 69 км, 23 куймасы бар; ириси – Көл-Төр (23 км). Май–августта ташкындап, сентябрь – апрелде тартылат. Көп жылдык орт. чыгымы 0,27 м3/сек. Суусу мол болгон июль–август айларындагы орт. чыгымы 0,55 м3/сек, айрым жылдары декабрь–февралда соолуп калат; эң чоң чыгымы 2,0 м3/секга жетет. Суусу жай айларында толугу м-н сугатка алынгандыктан, көлгө жетпей калат. Д-дан 5 канал (чыгымы 1,12 м3/сек) башталат. Өрөөнүндө Чырпыкты кыш. жайгашкан.