ДРАЙВЕР
ДРА́ЙВЕР (driver) – операциялык системанын же колдонмо программанын сырткы түзүлмөлөр (мис., принтер, сканер, чычкан ж. б-лар) м-н өз ара аракеттешүүсүн камсыз кылуучу системалуу
программа. Ал, эреже катары, сырткы түзүлмөнү жасоочулар тарабынан, анын түзүлүш өзгөчөлүктөрүн эске алуу м-н жасалып, сатууга кошо жөнөтүлөт. Иштетүү системасынын программалар курамына кирбегени жүктөлүүчү (резиденттик эмес) Д. деп аталып, түзүлмө (принтер,
чычкан, сканер ж. б.) м-н иштөөчү программанын иштөө алдында атайын аракеттер м-н жүктөлөт.