ДРАЙЗЕР
ДРА́ЙЗЕР Теодор (27. 8. 1871, Терре-Хот, Индиана штаты – 28. 12. 1945, Голливуд) – амер. жазуучу. АКШ ад-тындагы сын реализминин өкүлү. 1889–90-ж. Индиана штатындагы Блумингтон ун-тинде окуган. Адабий ишмердиги 1892-жылдан башталган. 1897-жылдан аңгеме, очерктери басылган. «Карындашым Керри» (1900), «Женни Герхард» (1911), «Финансист» (1912), «Титан» (1914), «Гений» (1915) аттуу белгилүү романдардын автору. «Ур, добулбас!» (1920) аттуу китебинде Россияга каршы баскынчылыкты айыптаган. «Америка трагедиясы» (1925) романы м-н Д. реалисттик чеберчиликтин жогорку баскычына көтөрүлгөн. Совет өкмөтүнүн чакыруусу б-ча 1927-ж. СССРге келип, өз көргөндөрү ж-дө «Драйзер Россияга көңүл бурат» (1928) деген китебин жазган. СССРди кыдырып чыккандан кийин жазган «Эрнита» повестинде амер. ад-тта биринчи жолу коммунисттин образын түзгөн. Экинчи дүйнөлүк согушта фашизмге каршы күрөшкөн, совет элинин баатырдык күрөшүн колдоп, гитлерчилерди айыптаган.