ДРЕЗДЕН
ДРЕ́ЗДЕН – Германиядагы шаар. Эльба д-нын боюнда. Саксония жеринин (адм.-айм. бирдик) адм. борбору. Калкы 474 миң (1996). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. Машина куруу (негизинен электр-тех., радиоэлектроника), кино ж-а фотооптика, хим.-фармацевтика препараттары, полигр., трикотаж, бут кийим, эмерек, тигүү, тамак-аш – татымал ө. ж. ишканалары иштейт. Ядролук изилдөө борбору. Тех. ун-т, консерватория, музейлер, Дрезден сүрөт гал. бар. Туризм өнүккөн. Алгач 1216-жылдан эскерилет. 1485-жылдан Саксония герцогдорунун резиденциясы. 1806–1918-ж. Саксония королдугунун борбору. 15–18-к-дын арх-ра эстеликтери: сепил-сарай (15-к.), барокко стилиндеги– Цвингер (1711–22) ж-а Пильниц (1720–24), сарай ансамблдери, Хофкирхе чиркөөсү (1738–56). Саксония зер буюмдар коллекциясы, фарфор ж-а айнек буюмдарын чыгаруучу эски ишкана сакталган.