ДРЕЛЬ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:29, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРЕЛЬ (немисче drillbohrer) – металл, жыгач жана башка материалдарга көзөнөк жасоочу машина. Ал кол, электр же аба кыймылдаткычтары менен ара­кетке келет. Бурамалуу Дрель алга-артка айланып жылуучу бурама менен кыймылга келүүчү бура­малуу шпинделден турат. Темир устачылык Дрелде көзөөч конус түрүндөгү тиштүү дөңгөлөктүн жардамы менен айланат. Электрдик Дрель тулкусу­нун ичине орнотулган электр кыймылдаткычы­нын жардамы менен кыймылга келет.