ДРЕССИРОВКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:36, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРЕССИРО́ВКА (французча dresser – үйрөтүү) – көп ирет кайталоо жолу менен айбанатты акырындап та­таалдашкан көнүгүүлөргө үйрөтүү. Үйрөтүлгөн айбанаттар көпчүлүктүн алдында көрсөткөн көнүгүүлөр да Дрессировка деп аталат.

Кыргыз Республикасынын эл артисти С.Урманбетов үйрөткөн жаныбар­лары менен оюн көрсөтүүдө (1976).

Көнүгүүлөрдү үйрөтүү буйрук берилген кезде аны баш тартпай аткар­туу милдетин камтыйт. Байыркы Чыгышта, орто кылымда Батыш Европада кыдырып жүргөн актёр-гистриондор, Азияда дорвоздор, орус ско­морохтору айбанаттарды үйрөтүшкөн. XIX кылымдын 20–30-жылдарында ай­банаттарды чүмбөттөл­гөн капастуу арабада кыдырып көрсөтүшкөн, 50–60-жылдарда айба­наттарды үйрөтүүчүлөр атайын цирктерде экзо­тикалык жаныбарлар менен иштей башташкан. Чүмбөттөлгөн капас ара­банын ордуна цирктин манежинде бийик темир торлор колдонул­ган. Дрессировкадагы бул жаңы ба­гыт А. Л . Дуровдун ысмы менен байланыштуу. Ал айбанаттарды интермедияларда жана репри­заларда каарман катары пайдаланган. Экс­периментчи-үйрөтүүчү В. Л. Дуров үй айбанат­тарынан баштап, пилге чейин маанилүү элемен­ттерди колдонуу ыкмасы менен манежде зоо­парктык Дрессировка программаларын аткарган. Мында ал үйрөтүүчү режиссёрдун милдетин аткарса, ал эми айбанаттар тилсиз достордун, төрт буттуу артисттердин ролун ойногон. Дуровдордун сал­ты азыр да уланууда. Кыргыз циркинде Кыргыз Республиканын эл артисти С. Урманбетов айбанаттарды үйрөтүүнүн чебери катары таанымал. Т. Сатаров.