ДРОЗОФИЛА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:01, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДРОЗОФИ́ЛА (Drosophila) – жемишчи чымындар ту­кумундагы уруу. Дене узундугу 3,5 ммге чейин. Бүт жер жүзүндө 1 миңдей, КМШ өлкөлөрүндө 25 түрү бар, бардык жерде, айрык­ча тропикте кеңири тараган. Көбүнчө мөмө, же­миш, жашылча сакталуучу жайларда кездешет. Личинкасы өсүмдүктөрдүн калдыктарында өөр­чүйт. Америкалык илимпоз Т. Морган Дрозофиланын лабораториялык шартта тез көбөйүп, айрым түрлөрү түпкү те­гиндеги белгилерин даана сактарын аныкта­ган. Ошондон кийин Дрозофила генетиканын объек­тисине айланган. Дрозофила м-н мутагенез процесси изилденип, эксперименттик биринчи мутация алынган.