ДРУЖЕНКОВА
ДРУ́ЖЕНКОВА Евгения Степановна (1917-жылы туулган, Харьков облусу, Вольчанский району, Рубежный кыш.) – айыл чарба ишмери, айыл чарба илимдеринин кандидаты (1965), Кыргыз ССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1974). Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген зоотехниги (1947). 1938-жылы Харьков зоотехникалык институтун бүткөн. 1938–49-жылдарда Ысык-Көл, Ош облустарынын чарбаларында зоотехник, 1949-жылдан Кыргызстан мал чарба ИИИде улук илимий кызматкер, лаборатория башчысы. Тянь-Шань коюн чыгаргандардын бири. Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.