ДУАЛДЫК БАШКАРУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:31, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУАЛДЫК БАШКАРУУ (лат. dualis – эки та­раптуу) – автоматтык башкаруу формасы. Мын­да башкаруу эки тараптуу болуп, башкарылуу­чу объектини изилдөө ж-а аны керектүү (оп­тималдуу) абалга келтирүү үчүн кызмат кылат. Дуалдык башкаруу объектинин кыймыл ылдамдыгы белги­сиз, ошондой эле башкаруунун оптималдуу алдын ала эсептөөгө баштапкы маалымат жетишсиз бол­гон учурда колдонулат. Дуалдык башкаруу тармагында баш­каруу объектисинин капысынан өзгөрүүчү мү­нөздөмөсүн активдүү изилдөө каралган. Бул учурда объектинин кире беришине үйрөнүлүүчү аракеттер берилет, ал эми объектинин реакция­сы башкаруучу түзүлүш аркылуу анализделет. Ошондуктан башкаруучу аракеттер объектини башкаруу гана эмес, бир эле убакта изилдөө үчүн колдонулат. Дуалдык башкаруу теориясы советтик окумуш­туу А. А. Фельдбаум тарабынан 1950-жылдар­дын аяк ченинде иштелип чыккан. Өнөр жайдагы экстремалдуу жөндөгүчтөр, автоматтык опти­малдагычтар Дуалдык башкаруу системасына кирет.