ДУАЛИЗМ
ДУАЛИ́ЗМ (лат. dualis – эки ача чечим, оома) – 1) кош башаттуулук, эки жактуулук; 2) монизмдин карама-каршысы, дүйнөдө бири бирине көз карандысыз, тең укуктуу эки башталманы – рух м-н материяны бирдей даражада таанууга негизделген философиялык окуу. Терминди немис философу Х. Вольф киргизген. Дуализмдин көрүнүктүү өкүлдөрүнүн бири – Р. Декарт. Дуализм окуусу И. Канттын философиясына да мүнөздүү. Дуалисттик окуу психика-физикалык параллелизм теориясынын философиялык негизин түзөт.