ДУБАЛ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:43, 7 Апрель (Чын куран) 2025 карата Lera (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБАЛ – имараттын, там үйдүн жана башка керегеси; короо-жайдын топурактан, кыштан жана башкалардан тургу­зулган тосмосу. Ал негизги тосуучу конструкция бо­луу менен бирге көтөрүп туруучу милдетти да ат­карат. Дубал имараттарда сырткы жанаа ички, өзү көтөрүп туруучу, көтөрүп туруучу жана көтөрүп турбоочу болуп бөлүнөт. Көтөрүп туруучу жана өзү көтөрүүчү Дубал басымды түздөн-түз пайдубал­га берет, көтөрүп турбоочу имараттын башка конструкцияларына – негизинен түркүктөргө же ка­баттардын ортосун жаап туруучу плиталарга бе­китилет. Тургузулуу ыкмасы боюнча чогултулуучу (ири панелдүү же ири блоктуу), монолиттүү (кө­бүнчө бетондуу) жана кол менен тургузулуучу кыш Дубалы болот.