ДУБАН
ДУБАН (кытайча, дуан – аймак; арабча, диван – акимдик жыйын) – 17–18-к-да, болжолу андан да арыраак мезгилдерде, кыргыз жергесинин жайгашуусу б-ча бөлүнгөн аймактардын аталыштары («Көл дубаны», «Жети-Суу дубаны» ж. б.). Д-дын ээлеген аянты абдан чоң чөлкөмдөрдөн турган («Дубандан чыккан жорго элем», Токтогул). Д-дар бир уруу же бир эле тайпа эмес, көптөгөн тайпалардан (уруулар) турган. Д. орустар келгенге чейин аймактык башкаруу бирдиги да болгон.