ДУБАНАЕВ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:00, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБАНАЕВ Садырбек Мамбеталиевич (25. 4. 1949-жылы туулган, Ысык-Көл облусу, Жети-Өгүз району, Же­ти-Өгүз айылы) – милициянын генерал-майору (1994). КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер. СССР ИИМдин Фрунзедеги ата­йын орто мектебин (1972), Караганды жогорку мекте­бин (1979), СССРдин ИИМ

Академиясынын жогорку курсун (1986) бүтүргөн. Эм­гек жолун 1966-жылы Бишкек­теги Ленин атындагы заводдо сле­сарь болуп иштөөдөн баш­таган. 1972–2006-жылдарда Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнүн эксперти, кылмыш издөө бөлүмүнүн инспектору, улук эксперт-кри­миналист, административдик иштер боюнча начальниктин орун басары, Ак-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары, начальниги, Ысык- Көл облустук ички иштер башкармалыгынын началь­нигинин орун басары, Нарын, Жалал-Абад облустарынын ички иштер башкармалыктарынын начальни­ги, КРдин ички иштер министринин 1-орун ба­сары, КР чек ара кызматынын төрагасынын орун басары, КР УККнын чек ара аскерлеринин командачысынын орун басары, 2006-жылдан КР чек ара кызматынын төрагасынын орун баса­ры. КРдин Мамлекеттик гербинин авторлорунун бири. Милициянын отличниги. КРдин Жогорку Кеңе­шинин депутаты (1990–95). «Эрдик» ж. б. ме­далдары м-н сыйланган.