ДУБАНА КӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:55, 15 Апрель (Чын куран) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБАНА КӨЛҮ – Чаткал кырка тоосунун түндүк капталында жайгашкан табияты кооз көл. Чаткал өрөөнүнүн төрүндөгү Дубана суусунун сол куймасы – Каратоконун алабынан орун ал­ган. Көл чанагы мөңгүнүн таасиринен пайда болуп, деңиз деңгээлинен 3000 м бийикте жатат. Аян­ты 0,54 км2. Кар, жаан-чачын сууларынан ку­ралат. Айланасында көк карагай, арча, кайың, түрдүү бадал өсөт. Көлдөн Каратоко суусу агып чыгат.