ДУБАНА КӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУБАНА КӨЛҮ – Чаткал кырка тоосунун түн. капталында жайгашкан табияты кооз көл.
Чаткал өрөөнүнүн төрүндөгү Дубана суусунун сол куймасы – Каратоконун алабынан орун ал­ган. Көл чанагы мөңгүнүн таасиринен пайда болуп, деңиз деңг. 3000 м бийикте жатат. Аян­ты 0,54 км2. Кар, жаан-чачын сууларынан ку­ралат. Айланасында көк карагай, арча, кайың, түрдүү бадал өсөт. Көлдөн Каратоко суусу агып чыгат.