ДУБИНИН
ДУБИ́НИН Николай Петрович [22. 12. 1906 (4.1. 1907 Кронштадт – 1998] – сов. генетик, СССР ИАнын академиги (1966; корреспондент-мүчөсү, 1946), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1969). МГУну бүтүргөн (1928). 1932-жылдан СССР ИАнын түрдүү илим-изилдөө мекемелеринде иштеген, 1966-жылдан СССР ИАнын жалпы генетика институтунда директор. Дубинин жалпы генетика, эволюциялык генетика боюнча изилдөөлөр жүргүзүп, мутациянын пайда болуу закондору, гендин түзүлүшү ж-а функциясы, селекциянын генетикалык негиздери боюнча ачылыштар жасаган. Ал ошондой эле космостук генетикада да эксперимент жүргүзүп, радиациялык, эволюциялык генетиканын бир катар проблемаларын, мутация процессиндеги этаптуулук маселесин иштеп чыккан. Лениндик сыйлыктын лауреаты (1966). Чет өлкөлүк бир катар ИАнын ж-а Улуу Британия генетиктер коомунун мүчөсү.
Эмг.: Генетика популяций и селекция. М., 1967 (совм. с Я. Л. Глембоцким); Общая генетика. М., 1970.