ДУБЛИН
ДУ́БЛИН (ирландча Бале-Аха-Клиах) – Ирландиянын борбор шаары. Ирландия аралынын чыгышында, Лиффи дарыясынын чатында жайгашкан. Калкы 1,0 млн (2003). Өлкөнүн башкы порту. Эл аралык аэропорту бар. Алгач 3-кылымдан эскерилет. 1922-жылы Эркин Ирландия мамлекетинин, 1949-жылдан Ирландия Республикасынын борбору. Машина куруу (анын ичинде кеме), металл иштетүү, тамак-аш – татымал, текстиль, тигүү өнөр жай ишканалары иштейт. Сепил-сарай (учурда Юстиция сарайы, 13-кылым), готика стилиндеги Крайст-чёрч (11–13-кылымдар)

Дублин ш-ндагы О’Конель каналы.
чиркөөсү ж-а Сент-Патрик (12–14-кылымдар) собору, ратуша сакталган. Бир нече музей (анын ичинде улуттук, заманбап искусство, сүрөт ж. б.), китепканалар, университет, Улуттук галерея, королдор музыкасы ж-а Ирландия королдор академиялары, театрлар (1948-жылдан театр фестивалдары өткөрүлөт) бар. Шаардан 48 км аралыкта Египет пирамидаларынан 700 жыл илгерки Ньюгрэж эң эски кабырстаны сакталган.