ДУЗЕ
ДУ́ЗЕ Элеонора (3. 10. 1858, Италия, Вижевано – 21. 4. 1924, АКШ, Питсбург) – италиялык актриса. Атасы Алессандро Дузе Италиянын шаарларын кыдырып жүргөн чакан труппанын актёру болгон.

Дузе сахнада 4 жашынан ойной баштап, алгач Гюгонун «Четке кагылгандар» спектаклинен Казеттанын ролун аткарган. 15 жашында Жульеттанын ролун зор ийгилик менен ойногон. Неаполдогу Фьорентини театрынын сахнасында Тереза Ракендин (Золянын повести боюнча, 1879) ролу Дузеге олуттуу атак алып келген. 1887-жылы өз труппасын уюштурган. Дузе Италияда көрүнүктүү актриса катары таанылган жана Батыш Европа, Түштүк Америка өлкөлөрүндө, Египетте гастролдору зор ийгилик менен өткөн. 1891–1892-жылдары жана 1908-жылы Россияда Дузенин өнөрүн орус маданиятынын көрүнүктүү ишмерлери А. П. Чехов, И. Е. Репин, К. С. Станиславский, В. И. Немирович-Данченко жана башкалар жогору баалашкан. Мыкты ролдору: Маргарита Готье (Дюма-уулу, «Камелия кармаган аял»), Сантуцца (Верга, «Айылдык урмат-сый»), Эмма (Жакоза, «Көңүлсүз сүйүшкөндөр»), графиня Евгения, Юлия (Праг, «Сүйгөн аял», «Үлгүлүү зайып») жана башкалар. Өмүрүнүн акырында орус адабияты жана искусствосу тууралуу жазган.
Ад.: Кугель А. Р. Театральные портреты. П.; М., 1923; Станиславский К. С. Моя жизнь в искусстве. Л., 1928. К. Зарлыкова.