ДУНАЕВСКИЙ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:41, 4 Апрель (Чын куран) 2025 карата vol3_>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ДУНАЕ́ВСКИЙ Исаак Осипович (18 (30). 1. 1900, Лохвица, азыркы Полтава обл. – 25. 7. 1955, Москва) – композитор, РСФСР эл арт. (1950), сов. оперетта м-н муз. кинокомедияга

негиз салгандардын бири. 1919-ж. Харьков консерва­ториясын бүтүргөн. Эл ара­сына кеңири тараган «Ме­кен жөнүндө ыр», «Шайыр балдардын маршы», «Мек­теп вальсы», «Унутпа», «Ка­ховка жөнүндө ыр» ж. б. чыгармаларды, 12 оперетта («Күйөөлөр», 1927; «Алтын өрөөн», 1937; «Чий кал­пак», 1938; «Таалай жолу», 1941; «Маскарапоздун уулу», 1950; «Ак ака­ция», 1955 ж. б.), балет, эстрадалык оркестр үчүн пьесаларды, спектаклдерди жазган. Анын таланты айрыкча фильмдерге жазган музыка­сында көрүнгөн: «Үч жолдош» (1935), «Дарбаза­чы» (1936), «Капитан Гранттын балдары» (1936), «Цирк» (1936, СССР мамл. сыйл., 1941), «Вол­га-Волга» (1938, СССР мамл. сыйл. 1941), «Ку­бандык казактар» (1950, СССР мамл. сыйл., 1951) ж. б. Композитор музыканы фильмдин дра­матургиясынын бирден бир башкы компонен­тине айландырган.

Ад.: Михеева Л. И. О. Дунаевский. Л., 1963.